7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Кыргызстандын футбол дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

162

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын футбол дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

УКМКнын башчысы, футбол союзунун жетекчилиги жана өлкө клубдарынын өкүлдөрү жергиликтүү футболдун учурдагы көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулашты.

Өз сөзүндө, башка спорт түрлөрү сыяктуу эле футбол өлкөнүн кадыр-баркын аныктай турганын жана бул мамлекет башчысы – Садыр Жапаровдун да анын өнүгүүсүнө жеке көңүл буруусу менен байланыштуу экенин белгиледи. Ал мамлекет жана өлкө жетекчилиги футболду мындан ары да колдоорун, тактап айтканда, биринчи кезекте футбол инфраструктурасын жакшыртууга, учурдагы стадиондорду жана футбол аянтчаларын реконструкциялоого жана жаңы футболдук аянтчаларды курууга багытталышы керек болгон каржылык ресурстарды бөлөрүн айткан.

 

163