7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасында ок чыгарылды деген маалымат чындыкка дал келбейт

555

Социалдык тармакта тараган кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок чыгарылды деген видеомаалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-июлда Тажикстандын аймагында тажик тараптын «Плотина» чек ара постунда 2 жолу ок атылган. Ошол эле күнү Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жүрүшүндө тажик тарап чек ара постунда мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан жоокер куралды оксуздандыруу учурунда кокусунан эки жолу ок чыгарып алгандыгын маалымдаган. Жаракат алгандар болгон эмес.

Тараптар бардык көйгөйлүү тилкелерде мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштуруунун эрежелерин жана чыр-чатактуу жагдайларга алып келе турчу жалган маалыматтарды таркатпоо тууралуу чек арага канатташ аймактардын эли арасында түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын талкуулашты.

«КР УКМК Чек ара кызматынын чек ара заставасынын башчысы жолугушуу бүтөрү менен кокусунан чыгарылган ок тууралуу видеотасма тарткан Кыргызстандын жараны менен маектешип, ага чыныгы жагдайды түшүндүрүп берген. Бирок буга карабастан ал жаран видеону социалдык тармакка чыгарып салган», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, кандайдыр бир суроолор жарала турган болсо жарандар жакынкы чек ара тарамдарга кайрылып маалымат тактап же мыйзам чегинде маселелерди чечишсе болот. Кыргызстандын Чек ара кызматы жарандарды жалган маалыматты таркатпоого чакырат.

Бүгүн, 24-июлга карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай туруктуу.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

556