7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны 31 адамга жетти

688

Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан 31 жаран жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 13:00гө карата ыкчам маалымат боюнча, Баткен облустук бириккен ооруканасына дагы 13 жабырлануучу келип түштү. Баткен облустук бириккен ооруканасына жалпы ар кандай жаракат алган 31 жабырлануучу жаткырылды.

«Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет. Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689