Кыргыз-тажик чек арадагы атышууда жаракат алгандардын саны 18 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жабырлануучулардын абалы жана диагнозу тууралуу маалыматты кийинчерээк берилет.
«Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана Тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар»,-деп берилет билдирүүдө.