Баткенде бир нече убактылуу жайгаштыруу пункттары (ПВР) ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иш чаралар уланууда. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга (туугандарыныкына) чыгып жатышат.
ӨКМдин маалыматка ылайык, Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланды. Ал эми Баткен шаарында ачылган убактылуу жайгаштыруу пункттарына келген жарандар да бар. Лейлек району боюнча Жаңы-Жер а/а Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын 70-80 пайыз эли өз алдынча чыгып кетишкен.
Учурда жарандарга тийиштүү жардамдар көрсөтүүлүдө. Ошондой эле министрликтен жардамга кошумча күч катары өздүк курам жана техникалар жөнөтүлүүдө.