7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде милиция кызматкерлери кырдаалды жөнгө салуу багытында иштөөдө

443

Баткенде милиция кызматкерлери кырдаалды жөнгө салуу багытында бардык иш чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын ишмердүүлүүгүн координациялап, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана коомдук тартипти сактоо багытында бардык коопсуздук чараларын жүргүзүүдө.

Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө. Өздүк курам тиешелүү каражаттар жана техникалар менен жетиштүү деңгээлде камсыздалып, башка күч түзүмдөрү менен бирдикте кызмат өтөшүүдө.

Андан сырткары, коопсуз аймактарда элди убактылуу жайгаштыруу пункттары уюштурулгандыктан, Баткен ОИИБдин кызматкерлери чек арадагы атышууга байланыштуу Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарынын жана Төрт-Көчө участкасынын, ошондой эле Лейлек районунун Кулунду, Достук, Максат, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарынын тургундарын көчүрүүгө жардам беришип, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Учурда абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

444