7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасынын 24,01 чакырымы такталды

356

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 24,01 чакырымы макулдашылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны болуп өттү.

“Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда чек аранын калган аймактарын кароо боюнча ишти улантат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду” – деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

357