7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Угуусу начар 50дөй балага акысыз операция жасалат

539

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна эртең, 6-декабрда Катардан профессор Абдулсалам Аль Кахтани жетектеген хирургдар тобу келет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Кол коюлган меморандумга ылайык, Катардын атынан кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги бардык финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылууну, хирургиялык операцияларды, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирург дарыгерин жана медициналык жардамчы персоналды окутууну өзүнө алат. Алар ошондой эле операциядан кийин балдардын эки жылдык реабилитациясын каржылайт.

«Операция жасалчу 50 баланы улуттук борбордун лор дарыгерлери атайын түзүлгөн комиссия менен биргеликте тандап алган. Жалпысынан бул программанын алкагында жылына 150 балага операция жасоо пландалууда. Ошол эле учурда кыргызстандык дарыгерлер мындай операцияларды жасоодо баалуу тажрыйбага ээ болушат. Буга чейин мындай операцияларды жасоо үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кымбат баалуу микроскоп өткөрүлүп берилген», — деп айтылат маалыматта.

Мындай операциянын маңызы импланттын ички бөлүгү ички кулакка өмүр бою имплантацияланат. Сырткы бөлүгү — сүйлөө процессору — 5 жылда бир алмаштырылышы керек.

Белгилей кетсек, операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалат, анткени анда угуусу начар балдарды диагностикалоо, хирургиялык кийлигишүүлөрдү жасоо жана операциядан кийинки медициналык реабилитациялоо үчүн бардык керектүү жабдыктар бар.

 

 

540