7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз улуттук университетинде координациялык кеңешме өткөрүлдү

335

21-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде коррупцияга каршы түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Жыйынга жалпы 200 адам, окуу жайдын жетекчилиги, окуу бөлүмдөрүнүн (институттардын, факультеттердин) жетекчилери, профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана коррупцияга каршы күрөш боюнча эксперттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 21-январында күчүнө кирген коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү.

Ошондой эле, катышуучуларга презентация түрүндө 2020-2024-жылдар аралыгында билим берүү системасындагы аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын жыйынтыктары жана фактылары боюнча маалымат берилди.

336