2023-жылдын 6-сентябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында кыргыз-япон достугун даңазалаган шоу-концерт өтөт.
Иш-чара Кыргыз-япон ишкерлер кеңеши жана «Кюсю эл аралык бий конкурсу» уюму, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулууда.
Концертте япон өнөрпоздору менен бирге жергиликтүү маданият өкүлдөрү өнөрүн тартуулашат. Демөөрчүлүк колдоо көрсөткөндөр: «Либерти Эксчейнж Жапан» жана «Метарайз» кыргыз-япон компаниялары.
Концерт 19:00дө башталат, кирүү акысыз. Чакыруу билети боюнча (0501) 33-83-39 жана (0500) 23-10-00 Вотсап номурларына кайрылсаңыздар болот.
Кыргыз-япон достугун даңазалаган концертке келип, көңүл ачып кетиңиздер!