7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик пикир: Мадумаровдун камалышы боюнча

392

Саясатчы Эмиль Жайчиев Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун камалганы боюнча социалдык тармактагы баракчасына пикирин билдирди.

“Албетте бул менин жеке оюм: Мадумаровдун кандай иш менен камалганын так билгеним жок. Бири «Төрт-Көчө боюнча» десе, башкалар «Кемпир-Абад боюнча» деп атышат. Кайсыл иш менен камалса дагы мен ойлойм камактагылардын убалы тийип кетти окшойт деп. Анткени мен кечээ жакында Москвадан келип, Камчыбек Кыдыршаевичтин кабыл алуусуна жазылып, кабыл алуусунда болдум. «Мен Кемпир-Абад боюнча документтерди өз көзүм менен көрөйүнчү» десем, Камчыбек Кыдыршаевич кагаздардын баарын алдыма жайып берип: «Мына архивдик кагаздар, мына эми биз кол коюшуп алып жаткан талаш жерлер, мына Кемпир-Абаддын 50 пайызын кол коюшуп биз алып жаткан плотина, биз тескерисинче Кемпир-Абаддын 50 пайызын алып жатабыз, кыскасы ушунун баары мындан ары дагы тарых болуп архивде калат. Канча жыл өтсө дагы ушул чечимибиз үчүн келечек муунга сыймыктануу менен жооп бере алабыз»,- деди.

Кыскасы, архивдик документтерди өз көзүм менен көргөндөн кийин меселе биз тарапка чечилип жатканына толук көзүм жетти. Ушул эле кагаздардын баарын Мадумаров дагы өз көзү менен бир эмес, бир нече жолу көрүп кеткен экен. Ал тургай ошол жабык чогулуштарда Мадумаровдон отуздай депутаттардын көзүнчө президент сураптыр: «Ушундай чечилип жатканга сен макулсуңбу?» деп.

Ал болсо: «Эгер ушундай чечилип жаткан болсо каршылык жок» деп жооп бериптир. Мага муну Камчыбек Кыдыршаевич айтып берди. Жабык чогулуштардын видео жазуулары дагы бар дейт. Бирок мага көрсөткөн жок. Ал киши калп айтпаса керек? Анан ошонун баарын көрүп-билип туруп элди туура эмес багытка салып таштап бир топ кишилер камалып кетишти. Ошолордун убалы тийип кеттиби деп ойлойм.

Эгер Мадумаров тарапташтарына: «Туугандар, тынч болгула. Маселе биз тарапка чечилип жатыптыр. Тынч чечип алалы, бизге тынчтык керек» деп койгондо эч ким жолдон адашпайт эле. Эч ким камалбайт эле. Азыр эми камактагылардын убалы кимге? Мен Кемпир-Абад маселеси каралып жаткан сессияны көрүп олтуруп, «Мына мобу жерди туура эмес бердиңер, мобу жерди туура эмес алдыңар» деп айтат экен деп күткөн элем. Жок. Эч нерсе айта албады. «Регламентке туура келбей калды. Мыйзамдар бузулду» дегенден башка аргументтерди келтире албай койгондо эле шек санагам. Мен ошондуктан тарапташтарга кайрылат элем. Алданып, кимдир бирөөлөрдүн куралы болбогула. Мен башымдан көп нерсе өткөргөн адам катары айтып жатам”,- деди ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

393