7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-өзбек бекеттеринен өткөн жарандардан чек арачылар акча алып турушкан

513

УКМКнын Чек ара кызматынын “Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларында тинтүү иштери жүргүзүлүп, айрым аскер кызматчылары кармалды.

Маалыматка ылайык, 16-майда “Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларында тинтүү иштери жүргүзүлгөн, анын натыйжасында айрым аскер кызматчылары кармалып, акча каражаты табылып алынды. Табылган акча каражаттарга алдын ала “пара” белгиси коюлган, бул КР УКМКнын Чек ара кызматынын айрым аскер кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз опузалап акча талап кылынгандыгын тастыкталган.

УКМКнын Чек ара кызматынын “Кайтпас” жана “Өтүкчү” көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын аскер кызматчылары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы келип, мыйзамсыз түрдө материалдык пайда алуу максатында жана өз кызыкчылыктарын көздөп, арам ниетте өткөрмө бекеттеринен өтүп жаткан адамдарды атайылап ыңгайсыз абалга келтирип, кыргыз-өзбек мамлекетинин тилкесинен тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн жарандардан системалуу түрдө 50 сомдон 1000 сомго чейин мыйзамсыз акча талап кылышкан.

Акча берүүдөн баш тарткан учурда аскер кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен паспорттук текшерүүдөн өткөрбөй коюшуп, бул жарандарды чек арачылардын талаптарына баш ийип, керектүү сумманы берүүгө мажбур кылышкан.

Учурда УКМКнын Чек ара кызматынын 4 аскер кызматкери кармалып, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, аларга карата тиешелүү болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

514