Блогер, журналист Улукбек Карыбек уулунун жол эрежесин бузган видеосу тарап, айрымдар аны сынга алышты.
Блогерди Тыныстанов көчөсүндө каршы тилкеде токтоп турган маалында тартып алышкан. Ошол эле учурда ал сызыкты кесип, коопсуздук куру жок айдап кеткенин видео тасмадан көрүүгө болот.
Андан соң, Улукбек Карыбек уулу мыйзам баарына бирдей экендигин айтып, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөөрүн билдирген.