Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин лекциясы Улуттук илимдер академиясында, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болбой тургандыгын билдирди.
«Аскар Акаевге министрлик тарабынан жогорку окуу жайларда лекция өтүүгө чакыруу болгон эмес. Коомчулук арасындагы терс реакциядан улам, Аскар Акаевдин өтүүсү мүмкүн болгон сабактары жокко чыгарылды»- деп берилет билдирүүдө.