Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселесин карады.
Жыйында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишимдин долбоору үч окуудан жактырылды.
Биринчи окууда 64 депутат макул деп добуш берсе, каршы чыккандар 19 болду. Экинчи окууда макул 62 болсо, каршы деп 21 депутат добуш берди. Үчүнчү окууда 64 депутат макул деп добуш берип, 19у каршы чыкты. Жалпысынан 83 депутат добуш берүүгө катышты.
Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишим долбоорун 65 депутат колдоп, 18и каршы чыкты.