Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өзбекстан менен чек ара маселесине чекит коюлганын билдирди.
“Колдоп берген депутаттарга терең ыраазычылык билдирем. Эми, кудай буйруса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди тактайбыз. Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп, алып келебиз. “Өлкөнүн аянты 199 миң чарчы чакырым болсо, чек араны тактагандан кийин, 210 миңден ашык чарчы чакырым болуп, картабыз чоңоет. Тажикстан менен чек араны чечишкенден кийин Кыргызстанды бүтүн, коопсуз деп айтсак болот. Азыр биз жарты Кыргызстанбыз, 30 жылдан бери кескилеп жатып, жарты кылып салышкан. Баарын кайтарып, бүтүн кылып жатабыз”, — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram