Кечээ, 5-май күнү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын Чек ара аскерлигинин чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына курал колдонушкан. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, анын натыйжасында Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж., жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей, алган октон улам каза болушкан.
«Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү дароо Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөрүп, анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну бүгүн, 6-майда улантууну макулдашты»,- деп берилет билдирүүдө.
Келип чыккан окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.