7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз жарандарынын документтерин жасалмалоо фактысы аныкталды

434

Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын пайдалануу жана бажылык тазалоо үчүн документтерди жасалмалоо фактысы аныкталды.

УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматы чөйрөсүндө укукка каршы ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР жарандарынын жеке маалыматтарын колдонуу жана бажылык тазалоо үчүн документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Б.Т.Д. аттуу жаран автотранспорт каражаттарын бажылык тазалоону жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк жактарга Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун көрсөтүп, кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттогону аныкталган. Аталган кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын жарандарынын документтерин жасалмалоо жана жеке маалыматтарын пайдалануу фактысы боюнча тиешеси бар эки адам кармалып, камакка алынды.

Азыркы учурда УКМК иштин бардык жагдайларын жана Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын ушундай эле мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экенин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

435