7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз жараны Өзбекстандан кайтарылды

746

Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары Өзбекстандын чек арачылары тарабынан мурда кармалган Кыргыз жаранын мекенине кайтарышты.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, 12-апрелде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кыргыз жараны Байболот уулу Мунарбек кыргыз тарапка өткөрүп берилди.

Эскерте кетсек, 10-апрелде чек арачыларга Көк-Таш айылынын тургуну кайрылып, анын 1997-жылы туулган уулу Байболот уулу Мунарбек жайылып жүргөн жылкыларды издеп кетип, кайтып барбаганын билдирген. Маалыматты тактоо максатында чек ара өкүлү өзбек кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 

Өзбекстандын чек ара өкүлү кыргыз жараны Байболот уулу Мунарбек мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалганын тастыктаган. Анын жылкыларды издеп, кокусунан мамлекеттик чек ара сызыгын кесип өтүп, Өзбекстандын аймагына кирип кеткени маалым болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

747