Кыргыз жаранын Өзбекстанга уурдап, барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-февралда О.С.Т. аттуу КРнын жараны УКМКга белгисиз бирөөлөр тарабынан Өзбекстандын аймагына О.Т.Т. аттуу агасын уурдап кеткенин айтып, бошотуу боюнча кайрылган.
Такталгандай, жогоруда кармалган адамдар 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен (Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан) «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу «О.Т.Т.» аттуу жаранды Өзбекстанга алып өтүп кетишип, ал адамды барымтага беш ай кармап, аны бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан.
УКМК жана Өзбекстандын МКК менен биргелешкен ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө, О.Т.Т. аттуу КРнын жаранын уурдап кеткен, Өзбекстандын Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу эки жараны кармалып, Өзбекстандын МККнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, 7-мартта уурдалган жаран Кыргызстанга алынып келинип, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.
Учурда кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.