7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туризмди өнүктүрүүдө дүйнөгө үлгү боло алган Түркия

339

Туризм боюнча дүйнөлүк ири уюм GSTC, Туруктуу туризм конференциясын быйыл Түркияда өткөрөт. Конференция 2023-жыл, 9-майда башталып, 12-майга чейин уланат. Туристтик жыйын туруктуу саякат жана туризмди өнүктүрүүгө кызыктар тараптардын башын Анталияда бириктирет.

Глобалдык Туруктуу Туризм Кеңеши (GSTC), туризмди туруктуу өнүктүрүү, тармактагы глобалдык стандардарттарды белгилөө жана көзөмөлдөө менен алектенет. Туристтик багытта глобалдык стандарттарды жөнгө салат, жаңылайт жана башкарат. GSTC көз карандысыз, коммерциялык эмес уюм. Башкы миссиясы туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча жалпы түшүнүктөрдү калыптандыруу болуп саналат.

GSTC туристтик багыттагы эл аралык конференцияларын пандемияга байланыштуу эки жыл бою онлайн форматта өткөрүп келди. Мурдагы жылы Испаниянын Севилья шаарында онлайн түрдө уюштурулган “2022 GSTC Туруктуу туризм конференциясына” Түркия да катышкан. Конференцияда атайын даярдалган видеороликтер менен Антальянын хостинги таанытылып, Түркиянын Улуттук Туруктуу Туризм программасы боюнча панель көрсөтүлгөн. Жыйында Түркиянын Туризмди таанытуу жана өнүктүрүү агенттиги (TGA) атайын сунуш киргизип, 2023-жылда болотурган Туруктуу туризм конференциясын Антальяда өткөрүүгө макулдук алган.

ТУРИЗМДИ ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ДҮЙНӨГӨ ҮЛГҮ БОЛО АЛГАН ТҮРКИЯ

2022-жылдын башында GSTC менен кол коюлган кызматташтык келишими менен Түркия туризм боюнча жол картасын аныктаган. Туризм тармагын рефомалоо үчүн атайын Улуттук Туруктуу Туризм программасы түзгөн. Бул программаны ишке ашыруу үчүн өкмөт менен бирге 3 жылдык протоколдук план бектилген. Аталган долбоор дестинацияларды түзүү, туроператорлор менен бирдиктүү иш алып баруу, өзгөчө турак жайларды өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп, Түркиянын туризм тармагында туруктуу трансформацияны түзүү аракеттерин көрүп келе жатат. Программа үч этап менен ишке ашырылганы турат. Биринчи фазасы ушул жылы аяктайт. Экинчи этабы болсо 2025-жылы, үчүнчү фазасы 2030-жылы бүткөрүлүп, бардык эл аралык стандарттарга жооп беретурган жумуштар аягына чыгарылат.

“GSTC 2023 Глобалдык Туруктуу Туризм Конференциясы” Анталияда 350дөн ашык жергиликтүү жана чет элдик катышуучуларды, анын ичинде мамлекеттик сектордун, мейманканалардын, туроператорлордун, компаниялардын, академиянын, өнүктүрүү агенттиктеринин, онлайн туристтик агенттиктердин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алат.
Төрт күндүк конференциянын программасы тренингдерди, интерактивдүү панелдерди жана семинарларды, жолугушууларды жана коомдук иш-чараларды камтыйт.

Катышуучулар Түркиянын туристтик борбору болгон Антальяны кыдырат. Калааны кеңири таанууга, тарыхый шаардын өзгөчөлүктөрүн өз көзү менен көрүүгө шарт түзүлөт. Ошондой эле туруктуу туризмди өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча адистер менен бетме-бет жолугуп, алардан практикалык түрдө тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк жаралат.
Түркиянын түштүгү, Жер Ортолук деңизинин жана Түрк Ривьерасынын чок ортосунда жайгашкан Анталья табигый кооздугу, деңизи, тарыхый текстурасы жана маданий түзүлүшү менен «Туризмдин борбору» деп аталып келет. Жыл сайын миңдеген туристтерди кабыл алган калаа, «деңиз-кум-күн» үчилтигинен тышкары укмуштуу окуялар, маданият-искусство жана көңүл ачуу жерлери менен башка локациялардан бир топ өзгөчөлөнүп турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

340