“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын жетекчиси болуп Жарасул Абдураимов дайындалды. Бул тууралуу «Кыргызалтындын» расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жарасул Абдураимовду «Кыргызалтын» ААКтын жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.