7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызгидромет шашылыш маалымат таратты, жаан карга айланат

1337
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык 1-4-октябрларда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.3-5-октябрь күндөрү түнкүсүн үшүк жүрөорү күтүлүүдо. Бул күзгү жыйым-теримге терс таасирин бериши мүмкүн.
2-3 октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.  Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп:
  • Чүй өрөөнүндө 5…10°,
  • Талас өрөөнүндө 4…9°,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 9…14°,
  • Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9° жылуу болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
3-5-октябрларда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2°, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1338