7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызлотонун» директору пара алып жаткан жеринен кармалды

353

«Кыргызлото» ишканасынын директору 10 миң АКШ долларынын бир бөлүгүн пара катары алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргызлотонун жетекчиси К.В.В. жеке кызыкчылыгы үчүн, мыйзамсыз баюу жана материалдык пайда алуу максатында потенциалдуу инвесторлор менен өз ара аракеттенүүдө акча каражаттарын опузалап талап кылуу үчүн шарттарды түзгөндүгү аныкталган.

Аталган жаран өлкөнүн лотереялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана акча салууга ниеттенген инвесторлордон 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Мындан тышкары, ал кошумча талаптарды коюу менен жасалма тоскоолдуктарды жаратып, ар бир лотерея билетин сатуудан “откат” талап кылган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүүдө.

354