Быйыл Кыргызстанга 10 миллион туристтин келиши күтүлүүдө. Аларды кабыл алууга өлкөнүн дарамети жетээрин жана коомдо туристтерди тосуп алуу маданияты калыптанып бара жатканын “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун” вице-президенти Абдисаит Каримбеков “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар LIVE” программасына курган маегинде билдирди.
Ал туристтерди бир эле өлкөнүн инфраструктуралык абалы жана шарты эле эмес, Кыргызстандын жаратылышы көбүрөөк кызыктырарын белгилеген.
Эске салсак, өткөн жылы Кыргызстанга 5 миллион турист келген.