Санкт-Петербургда 19 жаштагы кыргызстандык жаран жашы жете элек жергиликтүү кыз менен жыныстык катнашка баргандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу «Фонтанка» басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 23-июнда жергиликтүү балдар ооруканасына 14 жаштагы окуучу кыз кайрылган. Кызга жыныс кынынын сезгенүүсү деген диагноз коюлган. Ал интернеттен бир жигит менен таанышып калып, жолукканда аны интимдик мамилеге мажбурлаганын айткан.
24-июнда полиция кызматкерлери шектүү катары кыргыз жаранын кармашкан. Жаран Россияда каттоосу жок жүргөн. Кармалган жаранга карата “Адепсиз жорук” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.