Келечекте эл аралык деңгээлдеги компетенция борборуна айланып, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу коңшу мамлекеттер үчүн да жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган демилге Татарстан Республикасынын Казань шаарында өткөн «ЭНЕРГОПРОМ» эл аралык форумунун алкагында көтөрүлдү.
Форумдун жүрүшүндө Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК менен Татарстан Республикасынын «Тармактык компания» ААК ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагында чыңалуу астында жумуштарды аткаруу технологиясын өнүктүрүү жана ишке киргизүү, анын ичинде адистештирилген окуу борборун түзүү боюнча кызматташуу тууралуу маанилүү документке кол коюлду. Аталган документке тараптардын жетекчилери катышуусунда өтүп, келишимдин жогорку деңгээлде экени жана стратегиялык мааниси дагы бир жолу тастыкталды.
КР энергетика тармагында токтоосуз модернизациялоо жана инновацияларды киргизүү боюнча активдүү аракеттер жүрүүдө. Бул багыттагы эң маанилүү жетишкендиктердин бири — өлкөдө Борбор Азиядагы алгачкы чыңалуу астында иштөө технологиялары боюнча окуу борборун түзүү демилгесинин иш жүзүндө башталышы болуп саналат. Бул демилге Кыргызстандын региондогу энергетикалык билим берүү жана технологиялык хаб катары ордун бекемдейт.
Макулдашуу Кыргызстанда электр тармактарын өчүрбөстөн тейлөөгө мүмкүндүк берген чыңалуу астында иштөө технологиясын системалуу түрдө киргизүүгө багытталган. Анын алкагында өлкөдө адистештирилген окуу борбору түзүлүп, энергетика тармагындагы адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу камсыздалат. Муну менен катар улуттук шарттарга ылайык нормативдик-укуктук база иштелип чыгып, электр орнотмолорун өчүрбөстөн эксплуатациялоонун заманбап ыкмалары киргизилет, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны адаптациялоо жана тажрыйба алмашуу жүргүзүлөт.
Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясын өчүрүүлөрдүн санын жана узактыгын кыскартууга, энергетикалык жоготууларды азайтууга жана калк менен бизнес үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Аталган Макулдашуу 2017-жылдын 15-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Татарстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2025–2027-жылдарга каралган иш-чаралар планынын алкагында жүзөгө ашырылууда.
Бул кадам Кыргызстандын энергетика тармагын жаңы деңгээлге чыгарып, региондогу лидерлик позициясын бекемдейт.



