Кыргызстандын демилгеси менен 2025-жылдын 15-декабрында Нью-Йорк шаарында Германиянын төрагалыгы астында БУУнун Тынчтыкты куруу комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек ара маселелерин эл аралык укуктун алкагында, тынчтык жолу менен жөнгө салуудагы жетишкендиктери жогору бааланды.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев белгилегендей, Борбордук Азия аймагы эң татаал жана тарыхый шартталган маселелер да диалог, өз ара ишеним жана саясий эрк аркылуу ийгиликтүү чечиле аларын далилдеди.
Комиссиянын жыйынына БУУнун 80ден ашуун мүчө мамлекети катышып, жетишилген макулдашууларды мамлекет башчыларынын саясий эркинин жана дипломатиялык жетилгендиктин үлгүсү катары белгилешти.
Сапардын алкагында Асеин Исаев ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Тынчтык үчүн лидерлик» темасындагы жыйынына катышып, Кыргызстан тынчтыкты, туруктуулукту жана диалогду илгерилетүүгө бекем берилгенин ырастады.



