7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли Москвада коюлду

337

2025-жылдын 14-декабрында “Кылым карытар бир күн” романындагы “Раймалы менен Бегимай” уламышынын негизинде сахналаштырылган этно-мюзикл “Москва” концерттик залында көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгынын алкагында өткөн.

Маданий кечеге Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадамиинов куттуктоо сөздөрүн айтып, эки элдин достук байланышын бекемдеген маданий иш-чаралардын уланышына каалоо-тилектерин билдиришти.

Расмий бөлүктө Ч. Айтматов атындагы фонддун президенти Элдар Айтматов Улуттук филармониянын башкы директору, КР эл артисти Кыргызбай Осмоновго “Чыңгыз Айтматов” медалын, ал эми башкы режиссер Уматбек Кадыровго “Ыраазычылык катын” тапшырды.

 

338