7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан быйыл 21 миң тоннадан ашык помидор импорттоду

176

Кыргызстан быйыл сегиз айда чет жактан 21 миң 350.1 тонна помидор импорттоду. Бул тууралуу Статистика комитетинен билдиришти.

Ага ылайык, помидор 5 өлкөдөн ташылып келинип, анын баасы 1 млрд 332 млн сомду түзгөн.

Түркмөнстан – 15.45 миң тонна;

Өзбекстан – 3.9 миң тонна;

Кытай – 1.8 миң тоннадан ашык;

Иран — 98.2 тонна;

Казакстан — 85.6 тонна;

Түрмөнстандан сатып алынган помидорлордун баасы – 910.83 млн сомду түзгөн. Бул жашылча Өзбекстандан – 248.6 млн сомго, Кытайдан – 162.25 млн сомго, Ирандан – 9.2 млн сомго жана Казакстандан 1 млн сомдон ашык акчага сатылып алынган.

Белгилей кетсек, былтыр сегиз айда өлкөгө чет жактан 1 млрд 73.99 млн сомго 18.5 миң тоннадай помидор ташылып келинген. Анда да жашылчанын көбү Түркмөнстандан импорттолгон.

177