Британиялык Cable.co.uk порталы дүйнөдөгү интернетке болгон эң арзан баалар боюнча статистикалык тизме жарыялады. 230 өлкөнүн 6 миңден ашуун тарифтик пландарынын ичинен Кыргызстан, интернеттин баасы эң арзан (1 ГБга 15-19 цент) менен 3 өлкөнүн ичине кирген.
Статистика 2020-жылдын 8-декабрынан 2021-жылдын 25-февралына чейинки аралыкты чагылдырган.
Дүйнөдө интернетке болгон баа эң арзан өлкө Израил, 1 ГБ 5 америка центине бааланат. Ал эми эң кымбат өлкө Экватордогу Гвинея, 1 ГБ 49,67 доллар.