«Ноокаттын жыртык жолдору» акциясы коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты. Көпчүлүк интернет колдонуучулар Ноокаттан ччыккан депутат, ишкерлердин атын атап, жолдун абалына көңүл бурбаганына наалат айты.
Мындан улам ЖКнын депутаты Төрөбай Зулпукаров өздүк баракчасына, аталган жолду оңдоо 2016-жылы эле чечилип, акчасы да каралганын жазды.
«Ош -Баткен-Исфана унаа жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн (28-75 чакырымын) куруу боюнча акча каражаты чечилип, 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өткөрүлгөн.
Транспорт жана жол министрлиги тендер өткөрүп, жалпы суммасы 133, 58 миллион доллар турган долбоорду япониялык JICA уюму утуп, макулдашууга жетишкен.
Жогорку Кеңештин 2021-жылдын 25-февралындагы жыйынында өкмөткө тендер 2020-жылдын октябрь айында өтүп, иш башталат деген жообун эске салып, эмнеге кечигип жатканы сурадым. Пандемияга байланыштуу 2019-жылы баштала турган жумуш 2021-жылга жылып кеткенин Транспорт жана жол министрлиги жооп берген», -деп жазылган.
Өкмөт ошол билдирүүсүндө 2021-жылдын октябрь айына чейин ишти аткаруучу компанияны тандап алууну пландаштырып жатканын кошумчалаган.
Бирок, 2016-жылы башталган жумуш кандай себептен улам 5 жыл кечиккендигин түшүндүргөн жан жок.