Ал 21,1 чакырымдык жарым марафонго жарышка чыгып, белгиленген аралыкты 1 саат 12 мүнөт 2 секундада чуркап өтүп, алтын медаль тагынды.
Жарым марафондун күмүш байгесин өзбекстандык жөө күлүк Вереника Гришина, коло байгесин тажикстандык жеңил атлет Зулхича Гаффорзода алышты.
Бул Дарья Маслованын акыркы айдагы экинчи жеңиши. 28-мартта ал Ташкентте да жеңүүчү болгон.
Дарья Маслова 5000 жана 10 000 метр аралыкка чуркаган жеңил атлет. Бул аралыктарда ал Азиянын эки жолку жана Азия оюндарынын чемпиону болду.