7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК төрагасынын алдында мекендештерди колдоо кеңеши түзүлдү

487

ЖКнын төрагасы Талант Мамытов баштаган кыргыз парламантинин делегациясы Россия болгон иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту.

Анда төрага  Миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊеш түзүлгөнүн маалымдады.

Аталган Кеңеш чет жердеги мекендештерди колдоо боюнча сунуштамаларды өз убагында иштеп чыгууну камсыздайт.

Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, Россияда каза болгондордун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, «Мекен-Карт» системасын киргизүү, Санкт-Петербург шаарында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелер айтылды.

Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева да катышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

488