7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чыныга толтура чай куюп берүү, ушуну ичип кетиңиз деген белги

849

ЧАЙЛАШУУНУН МААНИЛЕРИ…

Кыргыздар каада-салтты бекем туткан,  маданияттуулуктун бийик символун кыймыл аракети, көз карашы менен чагылдырып, түшүнө алган эл болгон. Эл арасында азыр да колдонулуп келген айрым, сөз менен айтылбаган кыйыр маанилердин ичинен ЧАЙЛАШУУНУН ыкмаларын билип алганыңыз оң.

Жолугуп чай ичели — сиз менен жолугуп, кенен маек куралы. Шашпай отуруп сүйлөшөлү дегенди түшүндүрөт.

Чай үстүндө сүйлөшөлү — формалдуу эмес маек. Өз адамдар менен сыр төгүшүү, маектешүү.
Чайга чакыруу — чоң маселелерди чечүү үчүн жасалат. Ким чайга чакырса, маселени чечүүгө ошол адам кызыкдар болот. Кыргыз саясатында чоң кызматтар чай үстүндө чечилери айтылып келет.
Мен сизди чайга чакырам — бирөөгө ыраазычылык билдирүү. Рахмат айтуунун белгиси. Сый билдирүү, коноктоо болуп эсептелет.
Чай карыз болдум — жарашуу максатында болушу мүмкүн. Бир адамды таарынтып, же андан кечирим суроо керек болсо чайга чакырылат.

Чайлашуу — шерине өткөрүү. Жоролор, санаалаштар кезектешип чайлашып, бири-бириникине конок болушат.

Чай ичип кетпейсиңби — шашпай отурбайсыңбы деген маани.

Чайга кара — алагды болбо, дасторконго көңүл бур деген кеп.

Чай алып кел — дастаркон жай дегенди түшүндүрөт.

Чай кайнам — убакыт чен-өлчөмү катары колдонулат. Болжол менен 15-20 мүнөт.

  • Конокторго чай куюп, үй ээси өзүнө куйбай койсо — келгендердин батыраак кетүүсүн каалап жаткан белгиси.
  • Келген конокту чайга чакырбай койсо же муздак чай куйса — жактырбагандыктын белгиси.
  • Чайды толтура куюу — ушул чыныны ичип бүтүп, кете бериңиз деген белги.

Интернеттен алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

850