7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан ЕЭЖК төрагалыгын өткөрүп алды

814

Кыргызстан Биримдиктин учурдагы күн тартибин ишке ашыруу үчүн гана эмес, анын ишмердүүлүгүн жаңы багыттарда кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Бул тууралуу Садыр Жапаров ЕЭЖКнын үстүбүздөгү жылдын жыйынтыктоочу видеоконференция форматындагы жыйынында төрагалык эстафетаны алып жатып билдирди.

Мамлекет башчысы  келерки жылы Евразия экономикалык комиссиянын ишинин башталганына 10 жыл толоорун эске салды.

Бул маанилүү окуяны ЕЭЖКнын идеяларын жайылтуу жана аны коомдо даңазалоо менен кеңири натыйжаларга жетишүү үчүн пайдаланууга тийиш деп эсептейт.

Садыр Жапаров  бардык мүчө-мамлекеттерде масштабдуу маалымат кампанияларын жана максаттуу иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге жемиштүү иши жана көптөгөн негизги маселелерди чечүүдө туруктуулугу үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Ал келерки жылды инвестициялык жана жамааттык кызматташууну бекемдөөгө, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө, жаңы келечектүү рынокторго чыгуу менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө арноо маанилүү деп эсептейт.

Президент климаттын күн тартибине, жашыл технологияларды киргизүүгө, электрондук коммерция тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле ЕАЭБдин символу боло турган биргелешкен жогорку технологиялык долбоорлорду иштеп чыгууну баштоо зарылдыгын белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

815