Индиянын Мамлекеттик тышкы иштер министри жана Мамлекеттик маданият министри Минакши Лекхи иш сапары менен Кыргызстанга келди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдиргендей, жумушчу сапар эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына карата уюштурулган. Анын алкагында бир катар жолугушуулар пландалып, соода-инвестиция тармагы боюнча, ошондой эле эл аралык уюмдар, аймактык бирикмелер менен кызматташтык туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү маалымдалган.
Минакши Лекхи эки министрликти жетектегенден тышкары Индия парламентинин төмөнкү палатасында депутаттык милдетти аркалайт. Ал «Бхаратия Жаната» башкаруучу партиясынан шайланып келген.