7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окуучулары менен бирге мал уурдаган мугалим. Шектүүлөр кармалды

505

Ысык-Көлдө мугалим мал уурулукка шектелип кармалды. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы таратты. 6-июнь күнү милицияга жаран кайрылып, белгисиз адамдар анын бир баш коюн уурдоого аракет кылганын айткан. Арыз ээси буга чейин 4 баш кой уурдалганын кошумчалаган.

«Милиция тарабынан мал уурулукка тиешеси бар жарандардын өздүгү аныкталган. Алар Отрадное айылынын 25 жаштагы Б.Б., 18 жаштагы Д.С., 17 жаштагы Д.Э., Н.Т., К.Р., И.А. жана К.Р. аттуу тургундары болуп чыкты. Шектүүлөр айылдаштарына тиешелүү болгон 15 баш кой жана 3500 килограмм буудайды үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап, июнь айына чейинки аралыкта уурдаганын толугу менен моюндарына алган», деп айтылат маалыматта.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдү алар окуган мектептин 25 жаштагы Б.Б. аттуу дене тарбия мугалими уурулукка тартканы аныкталган. Алар уурдалган малды Түп айылынын тургунуна сатып ийишкен. Койду сатып алган адамдан 3 баш кой далил катары алынып, ал эми 12 баш кой базарга сатылып кеткени маалым болду.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө амалдары уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

506