Кыргызстан- Индиянын ортосунда түз аба каттамы ишке кирди
284
Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы түз аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Дели — Бишкек — Дели багыты боюнча каттамынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара 7-декабрда Индира Ганди айтындагы эл аралык аэропортто өткөн. Ага Индиядагы элчи Аскар Бешимовдун катышканы айтылды.
«Каттамдын ачылышы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы транспорттук байланышты бекемдөөдө, ишкердик жана туристтик сапарларды жеңилдетүүдө, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду», — дешти министрликтен.
Каттам Tez Jet компаниясы тарабынан аптасына бир жолу — жекшемби күндөрү аткарылат.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, Армения Республикасынын Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17)
«Кыргыз Экспорт» жемиштерди, мөмөлөрдү жана жашылчаларды өндүрүүчүлөр үчүн экспорттук акселерация программасын ишке киргизүүдө. Маалыматка ылайык аталган программа ата мекендик айыл
21-25-октябрда Бишкек шаарындагы айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу кечээ, 15-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, бул күндөрү Турдакун Усубалиев
Кыргыз улуттук «Манас» театрында залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган 30 жашка чейинки манасчылардын республикалык кароо-сынагынын финалында 14
Айзада Субакожоева башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү