7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан күйүүчү май сатып алуу боюнча алты өлкө менен сүйлөшүү жүргүзүүдө

257

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды сатып алуу боюнча Орусия, Беларусь, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдө күйүүчү май рыногундагы абал күн сайын көзөмөлдөнүп, бензин жана дизелдик отун менен үзгүлтүксүз камсыздоо иштери уланууда.

Мекеме дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу жана логистикалык тобокелдиктер ички рынокко да таасир этип жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда өкмөт күйүүчү май импортунун булактарын диверсификациялоо боюнча иштерди күчөтүп, Кара-Балтадагы «Жунда» мунай иштетүүчү заводунда бензин өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү чараларын көрүүдө.

258