7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан — көк бөрү жана көкпар боюнча VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү

3

6-сентябрда Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары ортосундагы көк бөрү боюнча финалдык оюндун түз алып көрсөтүүсү уюштурулду.

Уюштурулган фан-зонага борбор калаанын тургундары жана коноктору улуттук курама команданы колдоо үчүн чогулушту. Күйөрмандар оюнду кызыгуу менен көрүп, улуттук курама командага дем берип, колдоп турушту.

Түз эфирди ар кандай курактагы тургундар жана туристтер да көрүштү. Финалдык беттеште Кыргызстандын курамасы казакстандык атаандаштарын 12:0 эсебинде утуп алды.

Оюнду күйөрмандар менен бирге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев да көрдү.

Кыргызстандык улакчылардын жеңиши күйөрмандар үчүн маанилүү окуя болду. Бул күнү Турдакун Усубалиев атындагы аянтта сыймыктануу, кубаныч жана патриоттук маанай өкүм сүрүп, элдин башын бириктирген жайга айланды.

Көк бөрү оюнунан кийинки 30 мүнөттүк тыныгуудан соң көрүүчүлөр көк-пар боюнча мелдешти улантуу үчүн фан-зонага кайрадан чогулушту. Беттештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы Казакстанды көк-пар боюнча 7:2 эсебинде ишенимдүү жеңип алды.

Белгилей кетсек, саат 20:00дө Турдакун Усубалиев атындагы аянтта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи түз эфирде көрсөтүлөт. Борбор калаанын тургундарын жана конокторун VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземин түз эфирде бирге көрүүгө чакырабыз.

4