7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда кош салык салуу жоюлду

347

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жогоруда белгиленген макулдашуунун негизги милдеттери болуп бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте дискриминациялык салык салуудан коргоо, салык салуулардан качууга же макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, макулдашуунун жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу саналат.

Макулдашуу эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болгон жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүдө бирдиктүү форма болуп санала турганын белгилейбиз жана салык мыйзамдары жаатында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелерде бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Макулдашуу кош салык салууну болтурбоо жана бир гана өлкөдө салык салуу боюнча кепилдиктерди берүү жолу менен чет өлкөлүк компанияларга биздин өлкөнүн экономикасынын ар кандай тармактарына инвестициялоо үчүн шарттарды түзөт.

 

348