7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы Гаага конвенциясы күчүнө кирди

371

Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы Гаага конвенциясы күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талабын жокко чыгарган Гаага конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2025-жылдын 11-июнунда аталган Конвенция Кыргызстан менен Бельгиянын ортосунда расмий күчүнө кирди. Бельгия Кыргызстандын Конвенцияга кошулуусуна макулдугун билдирди.

Апостиль коюу бул өлкөлөрдүн биринде берилген документтерди экинчисинин аймагында таануу жол-жобосун жеңилдетет. Эми жарандар жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар эки мамлекетте расмий документтерди консулдук мыйзамдаштыруу жокко чыгарылды.
Апостиль системасын киргизүү административдик процесстерди тездетүүгө, ар кандай чөйрөлөрдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк түзөт.

372