Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызcтан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган Грант жөнүндө макулдашуу грант берүү тартибин карайт, анын алкагында Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кыргызстанда 9 жалпы билим берүү уюмдун курулушун, аларды материалдык-техникалык жабдууну жана аларды Кыргыз Республикасына акысыз жана кайтарымсыз (гранттык) негизде өткөрүп берүүнү камсыз кылат.