Президент Садыр Жапаров менен Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосунда ар тараптуу өнөктөштүктү түзүү жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюлду.
Документтердин тизмеси:
- Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы өткөрүп берүү жөнүндө келишим.
- КР Министрлер Кабинети менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуу.
- КР Тышкы иштер министрлиги менен Монголиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга кызматташуу программасы.
- КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Монголиянын Тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин ортосундагы жүндү кайра иштетүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум.
- КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Монголиянын Маданият, спорт, туризм жана жаштар министрлигинин ортосундагы Маданият тармагындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум.
- КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Монголиянын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана коммуникациялар министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Монголиянын Коопсуздук жаатында изилдөөлөр улуттук институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Монгол мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
- КР Президентинин Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Монголиянын Дархан-Уул аймагынын Администрациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
- Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Монголиянын “Монцамэ” улуттук маалымат агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
- КР Улуттук илимдер академиясы менен Монголиянын Илимдер академиясынын ортосундагы илимий кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
- КР Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту менен Монголиянын Илимдер академиясынын Археология институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
- КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Монголиянын Улуттук телекөрсөтүүсүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.