7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Монголиянын президенттери жолугушуу өткөрүүдө

262

«Ынтымак ордодо» президент Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен кеңири чөйрөдө жолугушуу өткөрүүдө.

Жолугушууда президент Садыр Жапаров эки өлкөнү көчмөн жашоо, тарых жана маданият жакындатып тураарын белгилеп, бүгүнкү сапар мамлекеттердин мындан аркы кызматташтыгын бекемдерин билдирди.

Өз кезегинде Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух президент Садыр Жапаровго чакыруу үчүн ыраазчылык билдирип, бул мамлекеттик сапар эки өлкөнүн достук мамилелерин мындан ары да өркүндөтүп, соода-экономикалык байланышты чыңдап, жаңы деңгээлге чыгараарына ишенерин билдирди. Ошондой эле Монголия үчүн Борбор Азияда Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүү өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Мында экономика, айыл чарбасы, илим, билим, маданият жана санариптештирүү багытында кызматташтыкты өркүндөтүү приоритеттүү багыттар экенин атады.

Монголиянын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу диалогду бекемдөөдө маанилүү этап болмокчу.

263