7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Россиянын Дипмамилесине 25 жыл

348

Садыр Жапаров менен Владимир Путин Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо каты менен алмашты.

Садыр Жапаровдун телеграммасында Декларацияга кол коюу жалпы тарыхка, маданий жакындыкка жана өз ара сый-урматка негизделген кыргыз-орус мамилелеринин динамикалуу өнүгүшү үчүн жаңы горизонтторду ачканы белгиленген.

Өз кезегинде Владимир Путин 2000-жылдагы Декларация Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин заманбап этабынын башталышы болгондугун жана бул маанилүү документке кол коюу эки тараптуу диалогду жана негизги багыттар боюнча кызматташууга шарттарды түзгөнүн белгиледи.

ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында өз ара аракеттенүүнү камсыздап, бул достук элдердин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет деген ишеним айтылды.

349