7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Россиянын өкмөт башчылары сүйлөштү

25

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө расмий сапар менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин башчысы Россия өкмөтүнүн төрагасын жана Россия делегациясынын мүчөлөрүн Борбор Азиянын бермети болгон Ысык-Көл жээгинде жылуу тосуп алып, Россия өкмөтүнүн төрагасынын Кыргызстанга расмий сапары 2016-жылдан бери биринчи жолу болуп жатканын белгиледи.

Адылбек Касымалиев мамлекеттер аралык байланыштардын жогорку динамикасы «тереңдетилген союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн» рухуна толук жооп берерин айтты.

Өз кезегинде Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин салттуу меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки өлкөнүн ортосунда ар кандай тармактарда, атап айтканда, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп, Кыргызстанга инвестициялардын көлөмү көбөйүп жатканын белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, фармацевтика тармагындагы маселелердин кеңири комплексин талкуулашты.

26