7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Синьцзяндын курулуш тармагындагы кызматташтыгы кеңейет

314

Үрүмчү шаарында жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов баштаган делегация Синьцзян Курулуш илим изилдөө институту менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, курулуш тармагындагы тажрыйба алмашуу, инвестициялык кызматташтык жана Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорго кытайлык өнөктөштөрдү тартуу маселелери талкууланды.

Меморандум заманбап технологияларды киргизүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган. Делегация ошондой эле Синьцзяндагы нөлдүк энергия керектөөчү имарат жана илимий-өндүрүштүк лабораториялык комплекс менен таанышты.

315