7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту

1

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынынын катышуучулары болгон делегация башчылары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы катышуучулар менен саламдашып, Бишкек шаарында өтүп жаткан 21-жыйын ШКУнун алкагындагы коопсуздук жаатындагы 2026-жылдагы негизги окуя катары өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ШКУга мүчө-мамлекеттер бүгүнкү күндө туш болуп жаткан негизги көйгөйлөрдү белгиледи. Алардын арасында геосаясий чыңалуунун күчөшү, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу кагылышуулар, ошондой эле терроризм, сепаратизм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана киберчабуулдарды камтыган трансулуттук коркунучтар бар.

Президент Кыргызстан эл аралык карама-каршылыктарды жөнгө салуунун саясий-дипломатиялык ыкмаларын ырааттуу колдой турганын баса белгиледи. Анын айтымында, эң татаал диалог да куралдуу кагылышуудан артык.

Мамлекет башчысы “шанхай рухунун”: өз ара урматтоо, ишеним, бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу жана коопсуздуктун бөлүнбөстүгү принциптерине өзгөчө көңүл бурду.

Президент баса белгилегендей, дал ушул принциптер ШКУ мейкиндигинде туруктуу стабилдүүлүктүн жана узак мөөнөттүү кызматташтыктын негизи болуп саналат.

Садыр Жапаров ошондой эле биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттарын белгиледи, алардын арасында атайын кызматтар ортосунда маалымат алмашууну чыңдоо, санариптик мейкиндикте терроризмди каржылоо каналдарына бөгөт коюу жана кризистик кырдаалдарга “жумшак” чара көрүү механизмдерин өнүктүрүү бар. Президент ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (РАТТ) ишмердүүлүгүн жогору баалап, анын жалпы коркунучтарга каршы туруудагы маанилүү ролун белгиледи.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров катышуучуларды конструктивдүү, ачык жана прагматикалык диалогго чакырып, 21-жыйындын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер ШКУ мейкиндигинде тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде ШКУга мүчө-мамлекеттердин делегация башчылары жана өкүлдөрү аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикирлерин айтышып, азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоонун зарылдыгын белгилешти, ошондой эле уюмдун алкагында өз ара ишеним жана өнөктөштүк рухунда кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушууга катышкандар:

— Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков;

— Беларустун Коопсуздук кеңешинин мамлекеттик катчысы Александр Вольфович;

— Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Гизат Нурдаулетов;

— Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу;

— Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Юсуф Рахмон;

— Өзбекстан президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов;

— Индия премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Капур Паван;

— Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин тышкы саясат боюнча катчысынын орун басары Али Багери;

— Кытайдын коомдук коопсуздук министринин биринчи орун басары Ци Янь Цзюнь;

— Пакистандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын министринин биринчи орун басары Сажид Балоч;

— ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев;

— ШКУнун Региондук антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев.

2